КЭРден келген почта жөнөтмөлөрүндө ташып кирүүгө тыюу салынган балык уулоочу торлор табылды

28.01.20260

  Контрабандага каршы күрөшүү башкы башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан «Түндүк» темир жол бажысынын «Темир жол Бекети» бажылык тариздөө аймагында Кытай Элдик Республикасынан келген почта жөнөтмөлөрдү текшерүү учурунда Кыргыз Республикасына ташып кирүүгө тыюу салынган, жалпы салмагы 11,80 кг түзгөн синтетикалык балык уулоочу торлор аныкталды.

  «Р.К.» ЖЧКсынын өкүлү бул категориядагы товарларды ташып кирүүгө тыюу салынгандыгы тууралуу кабары жок экенин түшүндүрдү.

         Факт Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузуу болуп саналат. Бул аныкталган факт боюнча материалдар белгиленген тартипте кошумча иликтөөгө алынат.

  Бул чаралар Кыргыз Республикасынын Президентинин «Ысык-Көлдүн экологиясын сактоо боюнча кечиктирилгис чаралар» жөнүндө №131 Жарлыгына, ошондой эле Мамлекеттик бажы кызматынын тиешелүү көрсөтмөсүнө ылайык жүргүзүлгөн.