Мамлекеттик бажы кызматында коррупцияга каршы күрөшүү маселелери боюнча семинар өткөрүлдү
28.01.20260
2026-жылдын 26-январында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын Адистештирилген-окутуу бажысында «Коррупцияга каршы күрөшүү жана анын алдын алуу» боюнча окутуу семинары өттү.
Иш-чара 2026-жылга карата Мамлекеттик бажы кызматынын кызматкерлерин окутуу планынын алкагында жана 2025–2030-жылдарга карата Кыргыз Республикасында коррупцияга каршы күрөшүү мамлекеттик стратегиясын ишке ашыруу боюнча иш-чаралар планын аткаруу максатында өткөрүлдү.
Семинардын лектору Мамлекеттик бажы кызматынын Ички иликтөө башкармалыгынын кызматкери болду. Окутуунун жүрүшүндө катышуучулар учурдагы ченемдик-укуктук база жана бажы органдарынын ишинде коррупцияга каршы мыйзамдарды колдонуунун практикалык аспектилери менен тааныштырылды.
Семинарга жыйырма төрт кызматкер катышты. Катышуучуларга кызматтык ишмердүүлүгүндө коррупциялык тобокелдиктерди алдын алуу боюнча практикалык сунуштар берилди.
Мамлекеттик бажы кызматы коррупцияга каршы маданиятты өнүктүрүү, укуктук сабаттуулукту жогорулатуу жана этикалык стандарттарды чыңдоо ведомствонун кадр саясатындагы артыкчылыктуу багыттары бойдон кала берерин белгилейт.

.jpeg)
